Бишкекте Чоң Чүй каналына секирип кеткен жаш жигиттин сөөгү табылды

9 август 2017 11:30 354 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургундары Чоң Чүй каналынын көпүрөсүнөн  секрип кеткен жаш жигиттин сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

 3-августта Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын тургуну көпүрөдөн сууга секирип кетип, аны суу агызып кеткен.

 Кечээ Бишкектин тургундары каналдын Шопоков көчөсү менен кесилишкен аймагынан жигиттин сөөгүн табышты жана куткаруучулар келгенге чейин сөөктү алып чыгышып милицияга өткөрүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4983



Добавить комментарий