Редактор Карачач Шакированы сабаган бачабаздар камакка алынды
Бөлүшүү:
radar.kg маалымат агенттигинин башкы редактору Карачач Шакированы сабаган алты бачабаздын бешөө эки айга камакка алынышты, дагы бири үй камагында жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
Кол салгандар ”бейбаштык” жана “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелери боюнча айыпталышууда.
Эскерте кетсек, 2-августта Шакировага бачабаздар кол салышып, сабашып, анын фото камерасын талкалап салышкан. Шакирова жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content4972
Добавить комментарий ×