Трамптын Нью-Йорктогу мейманканасында Путиндин сүрөтү пайда болду
АКШнын президенти Дональд Трампка таандык Нью-Йорктогу Trump SoHo мейманканасынын маңдай тарабында Орусия президенти Владимир Путиндин элеси түшүрүлгөн сүрөт, Орусиянын желеги жана "Happy to help, bro!" ("Жардам бергендигим үчүн кубанычтамын"), "Follow the money" ("Акчанын артынан түш") жана орус тилинде "Кайрат кыл, тууган" деген жазуулар пайда болду. Бул тууралуу Business Insider басылмасы жазды.
Имараттын алдында аскердик формага окшогон кийим кийген жана Орусиянын желегин көтөргөн адамдар басып өтүштү. Акциянын уюштуруучусу, журналист Робин Белл бул боюнча Твиттердеги баракчасына бир нече видео жарыялады.
Путиндин сүрөтү АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер Орусиянын Кошмо Штаттардагы өткөн жылкы президенттик шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгын иликтөө үчүн сот арачылардын чоң коллегиясын түзгөндөн кийин пайда болду. Мюллер шайлоо өнөктүгү маалында Трамп менен Кремлдин сөз байлашуусу Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун позициясына таасир эткен-этпегендигин териштирүүдө.
Трамп АКШдагы шайлоодо «орусиялык издин» бар экенин четке кагууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content4950
Добавить комментарий ×