Эльнура Молдокадырова КТРКдан жолдошунун позициясы үчүн кетти

8 август 2017 12:56 358 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Журналист Эльнура Молдокадырова  КТРКдан кетти. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөргө жазды.   

Молдокадырованын айтымында, акыры берүүсү бүгүн  8-августта саат 20.00дө Биринчи каналдан чыгат.

 “КТРКдан кеттим, КТРК мен үчүн эмне? Бул мектеп жана экинчи үй... КТРК менин жүрөгүмдөн өзгөчө орунду алган. Мен баарлык кесиптештериме ыраазымын”,-деп жазды өз баракчасына Молдокадырова.

Анын кетишине КСДП фракциясынын жаштар канатынын мүчөсү, жолдошу Ренат Самудиновдун башкача ойлонгону себеп болгон.

Эскерте кетсек, Самудинов партиянын айрым мүчөлөрүн кескин сынга алган жана партиянын президентикке жылдырчу талапкерге добуш берүү боюнча  позициясына макулдук берген эмес.Буга байланыштуу аны ал тургай партиянын курултайына киргизишкен эмес.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4949



Добавить комментарий