Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулло Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

8 август 2017 12:02 362 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Чолпон-Ата шаарында 15-17-августта өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Абдулло Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө маалым болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары телефон аркылуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демилитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктады. Ал ошондой эле кыргыз тарапка 2017-жылдын 3-августунда Ысык-Көл облусунун аймагында авто кырсыкка кабылган Өзбекстандын жарандарына өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзбек тарапка Ош шаарында 630 окуучу орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу тууралуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4947



Добавить комментарий