8-августта Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

8 август 2017 10:34 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн, 8-августа күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38; Талас аймагында түнкүсүн +12...+17 күндүз +31...+36; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38; Баткен дубанында түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31; Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +28...+33;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +36...+38 градус ысык болот.

Ал эми 9-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content4943



Добавить комментарий