Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылат

13 январь 2017 17:18 428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференц-байланыш режиминдеги кезектеги жыйыны өттү. Ал жерде белгилүү болгондой ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык, бул органдарда төрагалык кылууда жыл сайын орус алфавити тартибинде пландуу ротация болуп турат. 2016-жылы бардык үч структураларда Казакстан Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылса, 2017-жылы бул милдеттерди Кыргыз Республикасы өзүнө алып даярдык иштерин баштады. Республикасынын вице премьер-министри Олег Панкратов тийиштүү түрдө Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилген болчу.  Олег Пакратов  жыйында сөз алып сүйлөп  "Кыргыз Республикасы 2017-жылкы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуусунда негизги милдеттер катары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер аралык өз-ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктарды алып салууну эсептейт", – деди вице-премьер-министр. 

Ссылка: https://barometr.kg/content494



Добавить комментарий