Шашылыш билдирүү:11-13-августта Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө
Бөлүшүү:
11-августта жана 13-августта туруксуз аба ырайы күтүлөт: 11-августта түнкүсүн айрым жерлерде, 11-августта күндүз жана 12-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
13-августта жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content4916
Добавить комментарий ×