Президенттикке талапкер Мадумаров, Келдибеков, Ташиев жана Төрөбаев биригишти

7 август 2017 13:00 492 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ата-Журт-Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партияларынын лидерлери бир партияга биригип, президенттикке бир талапкерди алып чыгуу чечимине кол коюшту. Аталган меморондумга Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев кол коюшкан. Бул тууралуу Өнүгүү-Прогресс саясий партиясынын катчылыгынан билдиришти.

Жаңы партиянын демилгечилери “бардык кызыктар тарап менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти”.

 Келишимде “Биз саясий партиялардын жетекчилери, жоопкерчиликти сезип, өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алуу менен, туруктуулукту сактоо жана таза шайлоо өткөрүү максатында алдыдагы президенттик шайлоодо күчүбүздү бириктирүүнү туура көрдүк”,-деп жазылат.

Эскерте кетсек, мурдараак төрт партиянын бирдей лидерлери президенттик шайлоого катышуу чечими менен БШК катталышкан болчу.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4905



Добавить комментарий