Дальмира Тилепбергенова кино фестивалга калыс болот
Бөлүшүү:
Кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер Дальмира Тилепбергенова 9-Эл аралык кинофестивалдын «NETPAC» калыстар тобуна киргенин Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынан билдиришти. Фестиваль 2-9-февраль күндөрү Индиянын Бангалор жана Майсур шаарларында өтөт. Ошондой эле фестиваль "Азия тасмалары", "Каннада тилиндеги тасмалар" жана "Индиялык тасмалар" сынактарынан турат. Жыл сайын Карнатака штатынын бийлигинин колдоосу менен өткөн кинофестивалга быйыл 50 өлкөдөн 180 тасма катышаары маалым болду.
Ссылка: https://barometr.kg/content490
Добавить комментарий ×