Мамлекеттик органдар ымыркай кызды дааратканадан куткарып калгандарды көрмөксөн болуп коюшту

7 август 2017 10:19 1895 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңы төрөлгөн ымыркай кызды дааратканадан куткарып калган Мамырбаевдердин үй-бүлөсү расмий органдарга телефон чалышкан да эмес. Бул тууралуу  мурдагы Маданият министринин орун басары Максат Чакиев билдирди.

 Ал Мамырбаевдердин үй-бүлөсү менен байланышканын айтты.

 “Расмий тараптардан эч кимиси же грамота же сыйлык беришип ыраазычылык кебин айтышпаптыр”,-дейт Чакиев.

“Мамырбаевдердин үй-бүлөсү буга муктаж эмес жана суранышкан да эмес. Алар адамгерчилик катары ымыркайдын өмүрүн сактап калышкан.

Балким кыргыздардын же кыргызстандыктардын өмүрү 150 сомдук ыраазычылык грамотасына дагы бааланбайт. Абдан кейиштүү. Кандай болгон күндө да алар адам өмүрүн сактап калышты”,-деп нааразы болду Чакиев.

Эскерте кетсек, Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда 31-июлда белгисиз аял жаңы төрөлгөн кызын дааратканага таштап кеткен. Мамырбаевдердин үй-бүлөсү дааратканадан кызды алып чыгышкан. Дарыгерлер келгенге чейин алар кыздын киндигин кесишип, жуунтушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content4894



Добавить комментарий