Бишкекте хиджаб кийген кыздар дүкөндөн планшет уурдашты

7 август 2017 09:48 1858 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде хитжаб кийген кыздар соода борборунун жумушчусунун планшетин уурдап алышты.  

Гаджет жоголуп кеткенден кийин нааразы болгон жабырлануучулар камерадагы видео жазууну карашып ким планшетти уурдаганын такташкан. 

Видео жазуунун үзүндүсүн социалдык түйүндөргө жарыялашты. 

Видеодо мусулман кийимин кийген кыздар  дүкөнгө сатып алуучу катары кирип, алардын бири сатуучу кызды алаксытып турганда экинчиси планшетти кийимине катып алып дүкөндөн чыгып кеткени көрсөтүлгөн. 

Социалдык түйүндөрдө бул видео кызуу резонанс жаратып жатат.

Кийинчерээк жабырлануучу кыздар табылганын кабарлады.  

Ссылка: https://barometr.kg/content4891



Добавить комментарий