Баткен шаарында өрткө каршы бөлүктүн имараты ишке берилди

13 январь 2017 14:59 538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

2017-жылдын 13-декабрында Баткен шаарында Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин Баткен облустук өрт коопсуздук башкармалыгынын 26-аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн административдик имарат комплексинин ачылышы болуп, иш чарага Кыргыз Республиканын Өкмөт башчысы Жээнбеков Сооронбай Шарипович жана Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Боронов Кубатбек Айылчиевичтин катышуусунда өттү. Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Өзөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2013-жылы курулуш иштери башталган.   Бул тууралуу  ӨКМнын  маалымат кызматы  атайын  “Жаңы салынган өрткө каршы бөлүктүн имаратты 2 кабаттуу болуп, 1-кабытында техниктин, диспетчердин кабинеттери жана төрт атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар туруучу бокс, күжүрмөн эсептин окуу классы, эс алуу, чечинип кийинүүчү, ашкана жана тамактануучу, душ, автоунаалардын тетиктерин оңдоочу (слесарный), санузел, атайын өрттүк кийимдерди кургатуучу (боевка) бөлмөлөрү жайгашкан, ал эми 2-кабатында башкармалыктын жана бөлүмдөрдүн кызматтык кабинеттери жайгашкан, имарат толугу менен жылытуу системасы менен камсыздалган”-деп  билдирүү таратты. Мындан тышкары  имарат ушул бойдог эле токтоп калбай учурда комплекстин короосунда котельная, склад, ошондой эле волейбол, баскетбол жана кичи футбол аянтчаларынын, жана машыгуу залдарынын курулуштары каралып жатканы айтылат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content489



Добавить комментарий