Бишкек-Торугарт жолунда бусик менен "Тойота" унаасы кагышып, 6 киши ооруканага жетирилди

7 август 2017 09:33 343 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 6-августта Ысык-Ата районунда бусик “Тойота” унаасы менен кагылышты, анны кесепетинен 6 жүргүнчү ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй областтык ИИБинин кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты. 

Бишкек  – Торугарт  унаа жолунда, Ысык-Ата районунда 1958-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан Мерседес Бенц Спринтер унаасы 1972-жылы туулган аял башкарып бара жаткан RAV4 унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктан улам «Спринтердин» айдоочусу жана 6 жүргүнчү Канттагы ооруканага жеткирилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4889



Добавить комментарий