Наманганда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жолугушуу өтүүдө

7 август 2017 09:27 345 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүлөрү Наманганда өтүп жатат. Тараптар ушуну менен он бешинчи ирет кезигишти. Расмий маалыматтарга ылайык, жолугушуу 5-13-август күндөргө белгиленген.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери ай сайын тигил же бул өлкө аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки өлкөнүн расмийлери тең сүйлөшүүлөр жакшы маанайда жүрүп жатканын, жылыштар бар экенин белгилешет. Бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары белгисиз. Тыянактар тууралуу эки тарап тең кеңири маалымат таратпай келүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө электиги маалымдалган.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content4887



Добавить комментарий