Дубайда 79 кабаттуу «Torch» имараты өрттөндү

5 август 2017 15:05 263 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Дүйнөдөгү эң бийик имараттардын бири 79 кабаттуу «Torch» турак жайы өрттөндү. Бул тууралуу “РИА Новости” сайты маалымдады.

Полиция өрттүн тогузунчу кабаттан башталып, андан ары жогорку кабаттарга тараганын билдиришкен. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын жана полиция кызматкерлери дал убактысында тургундарды эвакуациялап жетишишкен.

Окуя күбөлөрү социалдык тармакка иммараттын өрттөнгөн кезиндеги видеосун жарыялашкан. Видеодо имараттын эң жогорку кабатына чейин өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Бул имарат мурда 2015-жылыда тилсиз жоого кабылган.

2011-жылы ачылган 384 метрлик «The Torch» имараты ошол убакта дүйнөдөгү эң бийик тургун үй болуп эсептелген. Өрттүн чыгуу себептери аныктала элек.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4877



Добавить комментарий