Президент Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн лабораторияны башка жакка курууну тапшырды
Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берди. Ошондой эле Ботаникалык бакка лаборатория куруу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин, ал жердеги өсүмдүктөргө зыяны тиерин билдирди. Бул туурасында бүгүн, 5-августта мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ботаникалык бактын өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы деген макамы бар жана ал мамлекеттин кайтаруусунда турат.
"Карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык лабораториянын маанилүү жана зарыл экендигин эске алып, мамлекет башчы өкмөткө Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берди",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content4875
Добавить комментарий ×