Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусуна барат

5 август 2017 12:19 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусунун Чоң-Алай районуна барып, 2017-жылдын 3-5-майында болгон жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволорго берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышып чыгат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы социалдык объектилерди көрөт.

Белгилей кетсек, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча буга чейинки берилген тапшырмалар, райондун климаттык шартын эске алуу менен оперативдүү түрдө ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүшү керек болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4867



Добавить комментарий