Шавкат Мирзиёев прокурорлорду «эң чоң уурулар» деп атады

5 август 2017 11:50 487 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-августтагы видеоселектордук жыйын маалында прокурорлорду жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алды. Тармактын кызматкерлерин эски системадан калган «эң чоң уурулар» деп атаган президент начар иштеген прокурорлорду кызматтан ала турганын эскертти. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

«Мени кечирип койгула, бирок мен прокурорлорду жаман көрөм. Бул тууралуу силерге ачык айтам. Эгер эмнеге деп сурасаңар жооп берем. Мен райондун, облустун акими болуп иштегем жана ал абийирсиздердин кандай экенин жакшы билем», – деди Мирзиёев.

Президент Каримовдун тушунда иштеген прокуратура кызматкерлерин «таштанды» деп атап, «баары бир прокуратура органдарындагы адамдарды алмаштыра турганын» айтты:

«Биз прокуратура органдарын мурдагы таштандылардан тазалап, кызматкерлердин 80 пайызын алмаштырдык, жаңы башкы прокурор дайындалды. Бирок анда дагы деле мурдагы системадан калган 15-20 пайыз кызматкер иштеп жатат. Алсак, Файзиев (Ташкент облусунун прокурору Жамшид Файзиев) дагы ошол системанын кишиси болуп эсептелет. Биз баары бир прокуратураны андай адамдардан тазалайбыз. Же прокурор таза иштейт, же жумуштан алынат. Прокурорлор элдин балээсине айланды. Эгер таза иштебесе бардыгы кетет», – деди Мирзиёев.

Ссылка: https://barometr.kg/content4865



Добавить комментарий