Дамаск шаарында жардыруу болду
Бөлүшүү:
Атышуу тынчыбаган Сирияда дагы жардыруу болуп сегиз адамдын өмүрүн алып кетти. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары борбор калаа деп эсептелген Дамаск шаарынын четинде уюштурулган жардыруудан жети адам набыт кеткенин кабарлады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы да окуя тууралуу билдирип, өлгөндөр саны сегиз киши экенин айтты. Бир канча адам оор абалда ооруканада жатат. Сириянын укук коргоо органдарынын билдиргенине таянсак жанкечти өзүн жардырган. Теракт уюштурулган Кафр Суса районунда бийлик өкүлдөрүнүн үйлөрү жана атайын кызматтын штаб кеңсеси жайгашкандыгы маалым.
Ссылка: https://barometr.kg/content486
Добавить комментарий ×