БУУ: ИМ тобу Иракта езиддерге каршы геноцидди улантууда

5 август 2017 10:46 489 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Ирак менен Сириядагы езид азчылыктарына каршы геноцидди улантып жатат. Бул тууралуу 3-августта БУУнун Сирияны иликтеген комиссиясы билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, эл аралык коомчулук буга каршы жетиштүү чара көрбөй жатат.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Комиссия Ракка шаарын бошотуу операциясы учурунда террорчулар шаардан чыгып кетер алдында туткундагы езид аялдары менен кыздарын сатууга далалаттанып жатышканын билдирди.

«Геноцид уланып жатат жана мамлекеттердин кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу жана алардын алдын алуу боюнча милдеттенме алганына карабастан көпчүлүк учурларда ага көңүл бурулбай калып жатат», — деп билдиришти комиссиядан.

Террорчулар 2014-жылы августта Ирактын түндүк-батышындагы Синжар шаарын басып алышып, миңдеген езиддерди туткунга алган. Алардын көбүнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз.

Шаар 2015-жылдын аягында бошотулган. Ошондон бери аймакта езиддер массалык түрдө көмүлгөн ондогон мүрзөлөр табылган. Дагы канчасы ал жерден жакын турган Раккага көчүрүлгөнү белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/content4857



Добавить комментарий