Чубак Сатаев тирүү болгондо 57 жашка чыкмак
Бүгүнкү күнгө чейин элдин арасында ырлары жашап келе жаткан, өзү өмүрдөн өтсө да ырларынын жашы кылымга жеткен Чубак Сатаев тирүү болсо бүгүн 57 жашка чыкмак. Кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Чубак Сатаевдеги талант апасынан, тай жагынан өткөн деп айтышат жакындары. Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, “сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен. Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан каза тапкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калган. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлер ырчынын өлүмүн мээсине кан куюлуп кеткен деген диогноз менен аныктап беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content485
Добавить комментарий ×