“Amazon” компаниясы Индия элинен кечирим сурайт

13 январь 2017 12:11 479 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  Белгилүү килем чыгарган  канадалык «Amazon» компаниясы  бүткүл Индия элинен кечирим сурайт.  Буга аталган компаниянын  атайын жерге төшөлчү килемдерге  Индиянын туусунун сүрөтү түшүрүлгөнү себеп болгон.  Мындай нааразычылыкты Индиянын Тышкы Иштер министри Сушмы Сварадж көтөрүп чыгып, “тез аранын ичинде Индиянын  желегинин сүрөтү түшүрүлгөн  жерге төшөлчү килемдерди жок кылып коюуусун суранабыз” дегенден  кийин аталган компания кечирим сурады. “Amazon India” компаниясынын вице президенти Амита Агарвала атайын расмий түрдө кечирим сурап “Биз Индия элинин туусун жана калкын абдан терең урматтайбыз. Байкабастыктан кетирип алган катабызды мойнубузга алып,  сиздер нааразы болуп жаткан товарлардын баарын сатыктан алып салдык. Биз индиялык сатып алуучуларга, жана кызматкерлерге абдан муктажбыз” деп  билдирүү жасады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content484



Добавить комментарий