Кочкор районунда жерден суу чыгып, 100гө жакын үйдү каптап кетти

4 август 2017 14:53 377 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кочкор районунда жер алдынан чыккан суулар көтөрүлүп, 80-90 турак үйдүн жер төлөөлөрүн каптады. Бул тууралуу бүгүн, 4-августа Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-август күнү аталган райондун Теңдик айылындагы Арабаев, Чоң-Булак, Алиев, Ала-Тоо, Жусупбеков, Көмүрчиев, Орозбак, Дайырбеков көчөлөрүндө жер алдынан чыккан суулар көтөрүлүп, 80-90 турак үйдүн жер төлөөлөрүн жана короолорун каптаган.

Ушул эле күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнын Кочкор райондук бөлүмүнүн адистери жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4828



Добавить комментарий