Милициянын полковнигинин уулу кызды зордуктан жана өлтүрүп, жаза тартпай качып жүрөт

4 август 2017 14:00 2905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милициянын полковнигинин уулу кызды зордуктан жана өлтүрүп, жаза тартпай качып жүрөт. Анын ордуна башка адам түрмөдө узак мөөнөттүү жаза өтөп жатат.  Бул тууралуу  Facebook  баракчасына  президентикке талапкер Рита Карасартова билдирди. 

“Мага уулу 16 жылга соттолгон киши келди. Анын уулу үч жолдошу менен кызды өлтүргөн жана зордуктаган деп айыпталып түрмөдө жатат. Алардын дагы бешинчиси болгон, ал милициянын полковнигинин уулу экен. Соттолгондордун айтымында  кызды өлтүргөн да, зордуктаган да ошол жигит. Ал ИИМдин жогорку мектебинде окуган. Бирок соттук териштирүү маалында ал аталган ишке катыштыгы жок деп табылган. Бүгүн бул кылмыш ишине күбө болгон төрт жигит түрмөдө, ал эми кылмыш кылган милициянын полковнигинин уулу оорулуу деген маалымдама алып алып эркиндикте жүрөт. Акыл эси кем деген маалымдамасы бар жигит кантип ИИМдин жогорку мектебинен окусун”,-деп суроо салат Карасартова.

 Укук коргоочу эркиндикте жүргөн полковниктин уулу дагы кимдир-бирөөнү өлтүрүп салбасын деп кооптогонун айтты.

 “Соттолгондордун биринин атасы маңдайымда отурат мен кантип жардам береримди билбей турам. Киши өлтүргүч эркиндикте жүрөт. Эртең ал дагы бул аракетин кайталабайт деп ким кепил боло алат. Кайда баратабыз??? Жасалма маалымкат берген дарыгерлер, прокурорлор, соттор, тергөөчүлөр силердин балдар эртең кезектеги курмандык болуп калбайбы. Бумеранг иштейт”,-деп эскертти Карасартова.

Ссылка: https://barometr.kg/content4824



Добавить комментарий