Канат Исаев өзүнүн президенттикке талапкер болгон жалгыз оппозициячымын деп эсептейт
“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канат Исаев өзүнүн “Facebook”тагы баракчасына социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочулары менен тез-тез баарлашып турарын жазды.
Исаевдин кабарында төмөнкүлөр айтылат:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,
Чындыктын баасы канчалык? Мен чындыктын баасын өзгөчө билем. Анткени азыркы учурда мен Кыргыз Республикасынын президентигине ат салышып жаткан жалгыз оппозициячыл талапкермин. Мен муну дайыма ачык-айкын айтып келем. Жашыра турган эч нерсем жок.
Мен айыптуу болбосом дагы мени жасалма кылмыш иштерине күнөөлөп атымды каралап чыгышты. Бирок бул маселелерди иликтеген депутаттык комиссия ишти тыкыр изилдеп, козголгон кылмыш иши башында эле мыйзамсыз болгон деген бүтүмгө келди.
Буга окшогон жагдайлардан алыс болуш үчүн мен сиздер менен байланышка көбүрөөк чыгууга аракеттенем. Мен бүгүн инстаграмга өзүмдүн баракчамды ачтым. Менин өз оозумдан жасап жаткан иштер тууралуу маалымат ала аласыздар”,-деп жазды Исаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content4814
Добавить комментарий ×