Сооронбай Жээнбеков Баткен областында жүрөт

13 январь 2017 10:40 420 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

 Кыргыз өкмөт башчысы  Сооронбай Жээнбеков учурда иш сапары менен Баткен областында жүрөт.  Ал өзүнүн иш сапарынын алкагында Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барып аталган мекеменин иштөө тартиби менен таанышып чыкты.  Ишкананын Фархад Абдалиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө мекемеде сегиз адам иштейт. Диагностикалык борбор мал-жандыктардын ар-кыл жугуштуу ооруларына карата бактериологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Анын айтымында, финансылык каражаттардын жетишсиздигинен улам көп убакыттан бери борбордун материалдык-техникалык базасы жаңыланган эмес. Мындан сырткары жетекчи бүгүнкү күндө борбор мал-жандыктарын идентификациялоону баштоого толугу менен даяр, тийиштүү органдардын адистери окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.  Мындан тышкары өкмөт башчы Баткен районунун Ортобоз айылындагы бала бакчанын ачылыш салтанаты болуп өттү. Сөз алып сүйлөгөндөй сапаттуу билим берүү – бакубат келечекке карата жасалган салым болуп эсептелет. Буга байланыштуу мамлекет тараптан билим берүү маселесине өзгөчө басым жасалууда. Билим берүү тармагын колдоого алуу – өлкөнү өнүктүрүүгө алып баруучу бирден-бир ишенимдүү жол болуп саналат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content481



Добавить комментарий