Москва менен Петербургда Али Ферузду колдогон акциялар өттү
Москва, Петербург, Вильнюс жана Берлин шаарларында соттун чечими менен Өзбекстанга депортацияланышы керек болгон «Новая газетанын» кабарчысы Али Ферузду коргоо акциялары өттү. Москвада Орусия президентинин администрация имаратынын алдында полиция төрт активистти кармап кетти.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Ферузду "Чек арасыз кабарчылар", Amnesty International жана Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмдары коргоп чыгышты. Укук коргоочулар Өзбекстанда журналист кыйноолорго кабылышы мүмкүндүгүн айтышууда. "Новая газетанын" редакциясы Ферузду Европа өлкөлөрүнүн бирине чыгарып кетүү мүмкүндүктөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө – ал үчүн журналистке Кызыл Чырымдын паспорту талап кылынат.
Адам укуктары боюнча кеңеште Ферузду өлкөдөн чыгаруу чечимин Орусиянын Конституциясын бузуу деп аташты. Өз кезегинде Кремлден бийлик журналисттин миграциялык мыйзамдарды бузгандыгына көз жумуп кое албастыгын билдиришти.
Али Феруз (Худоберди Нурматов) шейшемби күнү «Новая газетанын» редакциясынын алдында кармалган. Андан бир күн мурда ал ага Орусияда саясий башпаанек берүүдөн баш тартуу чечими боюнча сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 1-августта Москванын Басман райондук соту миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн деп Ферузду Өзбекстанга департациялоо жана беш миң рубль айыппул төлөтүү чечимин кабыл алган. Сот отурумунан кийин журналист өз жанын кыюуга аракет кылган.
2012-жылы Өзбекстандын жараны Худоберди Нурматовдун паспортун уурдап кетишкен. Ал документтерин калыбына келтирүү үчүн мекенине бара албайт. Айтымында, Өзбекстанда ага террордук уюмдар менен кызматташкан деген айып тагылышы мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/content4800
Добавить комментарий ×