Он күндүн ичинде 195 адам жабыркады

13 январь 2017 10:33 426 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2017-жыл жаңыргандан баштап, Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна 195 адам алган жаракатынан ылам  кайрылгандыгы маалым болду. Алардын арасынан  40 киши тайгаланып жыгылып, колу-буттарын кокустатып алышкан. 155 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланып чыккан.  Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды кышкы суукта тоңгон жолдордо абайлап жүрүүнү эскертип жатат.  Өзгөчө унаалар көп жүргөн чоң жолдордон өткөн маалда жана муз катып калган тепкичтерден чыгып-түшкөндө өтө этияттык керектигин министрлик байма-бай эскертүүдө.  Кандайдыр бир жаракат алган учурда өз алдынча дарыланбай дароо   ооруканага баруу сунушталууда. Себеби алган жаракат чоңоюп дарылануусу кеч болуп калышы мүмкүн.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content480



Добавить комментарий