Лозанада Иззат Артыковдун 7 саатка созулган соту болду

12 январь 2017 17:17 469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

 Рио-Де-Жанейро шаарында өткөн жайкы олимпиадада мекендешибиз Иззат Артыков  69 килограмм салмакта Олимпиадада күчүн сынаган жана  спортчу коло медаль тагынган. Аз убакыттан кийин допинг-тестте спортчунун стрихнин затын колдонгону аныкталган. Бул зат Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги жарыялаган тыюу салынган заттардын катарына киргендиктен анын медалы алынгандыгын кабарлашкан. Ошол медалдын чырынан улам  учурда Щвейцариянын Лозана шаарында   спортчунун  медалына карата сот иши болуп 7 саатка созулду.   Сот ишине КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов жана Иззат өзү катышты. Жакын арада жыйынтыгы чыгат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content476



Добавить комментарий