Кыргызстанда жеке мектептерде окуу акысынын баасы 5 миң долларга жетет
Бул тууралуу Илим жана Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында ата энелер баласынын жакшы окуусу үчүн 5 миң доллар акчасын дагы аяшпайт. Орун басардын маалыматына ылайык Жалпысынан Кыргызстанда 2 миң 218 мектеп бар. Алардын ичинен 187си жеке менчик болуп эсептелинет. Чүй облусунда 24 жеке мектеп болсо, Таласта 5, Нарында 1Ю, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 14, Бишкек шаарында 84 жеке мектеп бар. “Ар бир мектеп министрликтин көзөмөлүндө турат, мамлекеттик стандартка туура келе турган иш алып барышат. Ата энелер өз шарттарына жана мектептердин статусуна карап 10 миң сомдон беш миң долларга чейин төлөйт” деп билдирүү жасады.
Ссылка: https://barometr.kg/content474
Добавить комментарий ×