Россиянын элчисин атып өлтүргөн адамдын сөөгүн туугандары албай коюшту

12 январь 2017 15:14 487 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-декабрь күнү  Турциядагы  Россиянын элчисин сүрөт көргөзмө өткөрүп жаткан жеринен атып кетишкен.  Элчини атып өлтүргөн  Мевлют Мерт Алтынташты ошол эле жерден  Түркиянын  полициялары атып өлтүрүшкөн. Түркиянын  мыйзамы боюнча  15 күндө  туугандары сөөгүн алып кетиш керек болчу. Кылмышкердин эжеси инисинин сөөгү жаткан  өлүкканага кайрылып,  сөөктү албай турушканын айткан. Эми ал  жалпы белгисиз адамдар көмүлгөн жайга  көмүлөт.  

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content472



Добавить комментарий