Болот Шамшиев 76жашка толду
Кыргыз киносун өтө жогорку даражага көтөргөн режиссёрлордун бири Болот Шамшиев экендиги талашсыз. Ал бүгүн туптуура 76 жашка толду. Кыргыз керемети” учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр Болот Шамшиев Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте туулган. Кыргыз ССРнин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев кыргызга белгилүү акын болгон. Болот Шамшиев 1965-жылы ВГИКти бүткөн. Окуп жүргөндө Ч.Айтматовдун повести боюнча Л.Шепитко тарткан "Аптап" кинофильминде башкы каармандын (Кемелдин) ролун аткарган. Алгач "Манасчы", "Чабан", аттуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин айтылуу М.Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" аталган алгачкы көркөм фильмин жаратат. 1971-жылы "Касиеттүү Ысык-Көл" фильмин тарткан. Бул фильмдерине Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдарда алдыңкы байгелер ыйгарылган. Болот Шамшиев замандаш адамдардын ой-санаасын, мүдөөсүн чагылдырган көйгөйлүү темаларга кайрылып, аларды кинодогу кейипкерлердин ички сезими аркылуу кылдат ачууга, драмалуу терең чиеленишти лирикалык ыкласта берүүгө умтулган. Ч.Айтматовдун повести боюнча тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми (1975, СССР мамлекет сыйлыгы, Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда Баш байгеге, Италияда Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари ш.) атайын байгеге татыктуу болгон. 1978-жылы "Эл арасында" (А.Сүйүндүков менен бирге), Ч.Айтматовдун повести боюнча "Эрте келген турналар"кийинки фильмге Дүйшөмбү шаарында өткөн Бүткүл союздук 13-кинофестивалда Башкы байге ыйгарылган. "Бөрү зындан", "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин тарткан. Болот Шамшиев – Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреат, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ссылка: https://barometr.kg/content470
Добавить комментарий ×