Соцтүйүндөрдө Сооронбай Жээнбековдун аты менен көптөгөн фейктер пайда болуп жатат

2 август 2017 09:53 468 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр, президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков социалдык түйүндөрдөгү өзүнүн расмий аккаунттарынын даректерин жарыялады. 

Ал муну акыркы учурларда түйүндөрдө аны ысымы менен көптөгөн жасалма аккаунттар пайда болуп жатканынан улам ишке ашырып жатканын айтты.

 “Буга байланыштуу мен өзүмдүн расмий аккаунттарымдын даректерин койдум. Ушул жерлерден гана ишенимдүү маалымат алып, мага кат жазсаңыздар болот”,-деп кайрылды өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн биринчи аккаунтун 2017-жылы май айында ачкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4695



Добавить комментарий