Таалайбек Масабиров, ЖКнын депутаты: “Азия биринчилигин өткөрүү Кыргызстандын спорттук имиджин көтөрөт”

12 январь 2017 12:49 467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

-Таалайбек Айтмаматович, быйыл  Кыргызстанда бир нече чоң спорттук иш чаралар өтөт.  Сиз  буга мамлекеттин даярданыш керектигин айттыңыз. Кайсы маселе боюнча даяр болушу зарыл?

-Быйыл 2017-жылы  апрель айында жана грек-рим күрөшү  жана эркин күрөш боюнча  Азиянын биринчилиги  мырзалар арасында өткөрүлөт.  Жайында тарыхта  дзюдо күрөшү боюнча  тарыхта биринчи жолу  Азия биринчилиги өтөт. Бул жерде биздин мамлекет ушул иш чараларга кам көрүшү керек. Уюштуруу комитети биринчи кезекте  Азия чемпионаттары өтө турган  күйөрмандар көрө турган спорт сарайын курулушу зарыл.  Азия оюндары өткөнчө  спорт сарайды куруп,  жеңил атлеттер келгенде  күйөрмандар көп келип бата турган  иш чараны өткөрүшүбүз зарыл.  Азия биринчилигин өткөрүү Кыргызстандын   спорттук имиджин көтөрөт.  Дүйнөлүк  чемпионаттарды өткөрүүгө Кыргызстан абдан кызыктар. Бирок атайын  эксперттер келип спорттук иш чараларды өткөрүүгө уруксат берүүгө дүйнө талаптарына жооп бере турган  залыбыз жок. Ошондуктан Дүйнө биринчилигин  өткөрө албай жатабыз.  Былтыр өкмөт  бул боюнча  сураганымда спорт сарай куруу планы бар экенин айткан.  Буйруса курулуп калса жаман болбос эле. 

Ссылка: https://barometr.kg/content468



Добавить комментарий