Август айынан баштап газ 14,39 сомго кымбаттайт

1 август 2017 16:04 360 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Август айында калк үчүн газга болгон баа 9 тыйынга төмөндөдү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, август айында жаратылыш газынын бир куб метри үчүн калк 14,39 сом төлөйт.
 
Ал эми көгүлтүр оттун наркы өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,64 сомго бааланды. Башкача айтканда 11 тыйынга арзандаган.
 
Эскерте кетсек, келишимге ылайык жаратылыш газына болгон тариф ар бир айдын башындагы сомдун долларга болгон курсуна жараша чыгарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content4671



Добавить комментарий