Таш-Көмүр шаарындагы көпүрө бекемделүүдө

1 август 2017 14:57 347 Barometr
Бөлүшүү:
ok
ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма аймактык башкармалыгынын түштүк тарабындагы автоунаа көпүрөнү бекемдөө жумуштары боюнча маалымат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма аймактык башкармалыгындагы жана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы калктын жол каттамын жакшыртуу максатында башкармалыктын түштүк тарабындагы автоунаа көпүрөнүн кооптуу жерлерин бетондоп, бекемдөө үчүн КР ӨКМги тарабынан 7700 кг цемент, 469 кг арматура бөлүнүп берилген.
 
Жергиликтүү мэрия тарабынан ӨК үчүн каралган бюджеттин эсебинен 122 500 сом акча каражаты бөлүнүп, тендердин негизинде атайын жеке менчик фирмалар тарабынан  күнүнө 5-10 адам жумуш аткарышып жатышат.
КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма аймактык башкармалыгындагы жана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы калктын жол каттамы жакшырмакчы.  

Ссылка: https://barometr.kg/content4665



Добавить комментарий