“ТриАда” дүкөнүндө техникалык эреженин бузулушунан улам өрт чыккан

1 август 2017 14:40 354 Barometr
Бөлүшүү:
ok
31-июль күнү саат 09:38 чамасында Бишкек шаарыныны 10-кичи районунда 34-үйдүн жанында жайгашкан “ТриАда” дүкөнүндө электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунанулам өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
 
Натыйжада жыгач устундуу калай жабылган аянты 85 чарчы метр дүкөн, тондургучтар, муздаткычтар, азык-түлүк товарлары менен толук күйгөн. Жыгач устундуу калай жабылган аянты 10 чарчы метр “Запивайка” сыра куючу дүкөнчөнүн ДВП менен капталган ички жасалгасы, сыра куюлган челектери күйгөн.
 
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 5-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content4662



Добавить комментарий