Казакстан интернеттин баасын калыбына келтирди

12 январь 2017 11:15 483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргызтелеком» ишканасынын билдиргенине таянсак  Казакстан интернетке болгон бааны  мурдагы калыбына келтирди.  Август айынын башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттик баа 3-4 эсеге кымбаттай турганын  угуп, элге жарыялашкан. Байланыш операторлору ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов  болсо ноябрь айында казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 доллар төлөй турган тарифтик келишимге кол койгонун билдирген. Бирок буга премьер-министр өзү киришип,   Нурбек Абаскановго   бааны кымбаттатпай  өз калыбына келтирүү тапшырмасын берген болчу.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content466



Добавить комментарий