Дааратканадан табылган ымыркайдын абалы канааттандырарлык
Бөлүшүү:
Кечээ Арча-Бешиктеги дааратканадан табылган ымыркайдын абалы канааттандырарлык. Ага ооруканада жандандыруу бөлүмүндөгү аппарат аркылуу тамак берилип жатат. Дем алуусу жакшы, өрчүүсүндө кемчиликтер жок. Бул тууралуу 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, 31-июлда Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси изделип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content4657
Добавить комментарий ×