Президенттикке талапкерлердин арызын кабыл алуунун акыркы күнү
Бөлүшүү:
Кечээ, 31-июль президенттикке койгусу келген талапкерлердин арызын кабыл алуунун акыркы күнү. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 1-августка караган түнү саат 00:00дөн тарта арыз кабыл алынбайт. Андан ары 26-августка чейин талапкерлерди колдогон кол тамгаларды чогултуу жана кол коюу барактарын берүү процесси жүрөт.
Эске салсак, учурда президенттик шайлоого катышууга 52 талапкер арыз берген. 41 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Ал эми 11 талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content4652
Добавить комментарий ×