Дааратканага ташталган баланын энеси изделүүдө. Өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

1 август 2017 10:47 408 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Дааратканада табылган бала боюнча  кылмыш иши козголду (баланы өлтүрүүгө аракет кылган үчүн).  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Эскерте кетсек, кечээ, 31-июль күнү  саат 11.30 чамасында тез жардам кызматы жаңы төрөлгөн наристени Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып келишкен.  Бала дааратканадан  табылган.
 
Маалыматка караганда, аталган оорукананын дарыгери Гульнара Жанабилова ымыркайдын абалы оор экенин айткан. Ошондой эле учурда интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылганын кошумчалаган.
 
Дарыгерлер -денеси муздап калган жана  аспирационный синдром деген диагноз коюшкан.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4637



Добавить комментарий