Алыскы жолго сапар алган айдоочуларга кеңеш

1 август 2017 09:51 699 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 Алыскы жолго аттана турган айдоочуларга жолдо жагымсыз жагдайларга кабылбоо үчүн кеңештер сунушталат. Бул тууралуу  Ички иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын негизги кеңештеринин бири -жолго чыгуудан мурун жакшылап уктап алуу керек. Жол транспорттук кырсыктар автоунааны башкарып бара жатып уктап кеткен айдоочулардын айынан болуп, жыйынтыгы оор болууда. Жүргүнчүлөрдү ташыган кичиавтобус, оор жүк ташуучу унааларга караганда, кээде жолдо 80 км/саат жүргөн автоунаада оор кырдаалга дуушар болуп калышы мүмкүн. Эс алуу убагында айдоочулар эс алуу жайларына багыт алышып, чарчагандыктан автоунаасын башкарып келе жатышып, уктап кеткен маалда көптөгөн жол транспорттук кырсыктарга дуушар болушууда. Буга аба- ырайынын шарты дагы өз таасирин берүүдө. 30 градус ысыкта айдоочу чарчап баштайт, бирок 5-6 саат жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ысыкта кабыл алуу сезими начарлап, жол –транспорттук кырсыкка кабылышат. Көздөгөн жерине бат жетүү үчүн айдоочу эс албастан 10-12 саат автоунааны башкарып келе жатып, терс көрүнүшкө учурайт.
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББгы эскергендей, өткөн жумада “Бишкек-Ош-Исфана” жолунда чарчагандыктан уктап кеткен айдоочунун айынан болгон жол кырсыгынан 2 жүргүнчү каза болгон.
 
Ошондуктан ИИМдин ПМББгы жол транспорттук кырсыкты алдын алуу максатында айдоочуларга бир катар кеңештерди сунуштоону туура көрүштү:
 
-алыскы жолго чыгуудан мурун айдоочу жакшылап уктап алуусу кажет.
-автоунааны 7 саат гана башкаруу туура болот.
-жолго жүрүүдө эс алдыруучу даарыларды колдонбой, ашыкча тамактанбаш керек.
-токтобостон 500-600 км жолдо жүрүүгө аракеттенбе.
- 2 саат сайын 15 мүнөт тыныгуу абзел.
-эгерде автоунаада тамеки чеккендер бар болсо, салонун тезинен шамалдатып туруш зарыл.
Эгерде айдоочу өзүнүн чарчагандыгын сезсе, коопсуз жайга токтоп, 15-30 мүнөт уктап алса болот.
Урматтуу айдоочулар! Өзүңөрдү жана жаныңардагы жүргүнчүлөрдү сактагыла!
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4631



Добавить комментарий