Таластагы 11-класстын окуучусу дүйнөлүк олипиадада күмүш медалга ээ болду
Бөлүшүү:
Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучусу Кыргызстандын курама командасы менен биология сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиадада (International Biology Olympiad IВO-2017) күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан "sputnik.kg" агентигине билдиришти.
Күмүш медалга ээ болгон Даян Мэлисов Таластагы "Манас-Ата" лицейинин 11-классынын окуучусу.
International Biology Olympiad IВO-2017 23-30-июль күндөрү Англиянын Кавентри шаарында өттү. Ага жалпысынан 67 мамлекеттен 260 окуучу биология сабагы боюнча билимин сынаган.
Биология сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиада 28 жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Олимпиаданын шарты боюнча катышуучулар теоретикалык жана практикалык тапшырмаларды аткарышат.
Аталган олимпиадада байгелүү орун алуу биология сабагын тандап алган окуучулар үчүн чоң жетишкендик. Анткени бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ссылка: https://barometr.kg/content4624
Добавить комментарий ×