Түркмөнстан нетфи кенине инвестор издеп жатат

11 январь 2017 17:30 399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркмөнстандагы  Каспий деңизинин жээгиндеги «Дэмиргазык Готурдепе» кенин өздөштүрүүгө инвестор издеп, жакынкы жылдары анда алты миллион тоннадан ашык мунай өндүрүүнү көздөөдө.  Түркмөн өкмөтүнүн билдиргенине караганда текшергенден  кийин кенде көмүрсуутектин бай запасы бар экени белгилүү болуп, «Түркмөнмунай» мамлекеттик ишканасы аны иштетүү долбоорун даярдап чыккан. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча кенди өздөштүрүүнүн алгачкы баскычтарында мунайдын геологиялык запастарынын өсүүсү 38,5 миллион тоннаны түзүп, иштин жүрүшүндө анын көлөмүнүн 87,3 миллион тоннага чейин жетиши мүмкүн экени кабарланууда. Жалпысынан жети жылдын ичинде кенден 6 миллион 856 миң тонна мунай казуу пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content461



Добавить комментарий