Казакстан Кыргызстанга жеңилдик берди

11 январь 2017 16:40 483 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 
Бажы биримдигине ыңгайлашыш үчүн ошондой эле биримдиктин шартына ылайык Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөлдү алып  салууга шарт түзүү керектиги азыр мезгилдин талабы.  Кыргыз тарап ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча дагы бир катар иш-чараларды жасоо зарыл. Казакстан Темир Жолы» Кыргызстандан Орусияга жөнөтүлгөн жүктөр үчүн транзиттик тарифти төмөндөттү. Айыл чарба министрлиги карантин алдындагы жүктөрдү ташуу шарттары боюнча жумуш алып барып жатат. Буга чейин белгилүү болгондой казак тарап кыргыздардын товарларын машине менен жеткирүүгө тыю салган. Бир гана  темир жол менен барууга ыңгайлуу болчу. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан «Казакстан Темир Жолы» тарифтерди арзандатты.Луговая станциясынан Илецк станциясына чейин Кыргызстандан эт азыктарын ташуу каралган. Бир муздатылган вагонго салынган жүк үчүн мурун 5 155 доллар төлөнүп келинсе, январдан тарта бул сумма 1 820 долларды түзүп, тариф дээрлик үч эсеге жакын арзандады. Баалардын ылдыйлашы менен казак тарап 42 миллиард теңге чыгымга учурай турганын айтууда. Бирок бул сумманы жүк ташуулардын көлөмүн үч эсеге арттыруу менен жабуу каралып жаткан кези.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content460



Добавить комментарий