Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

31 июль 2017 13:04 544 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Ушул жылдын 2-июль күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Сузак районунда “Икрам” аттуу жаран өзүнүн кылмыштуу шериктери менен биргеликте, бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн ачык түрдөө тартып алуу максатында агасынын “Продуктовый Рай” дүкөнүндө иштеген 34 жаштагы А.Б.ны алдап телефон аркылуу өзүнүн үйүнө чакырып, Икрам достору менен ага карата басым көрсөтүшүп жана ден-соолугуна зыян келтирип, колундагы 33000 миң сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 300 000 сомдук “Хонда-Фит” унаасын, Сузак районунда жайгашкан үйүн жана андан башка дагы эки турак жайынын документтерин ачык эле түрдө тартып алышкандыгы тууралуу Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун келтирилген жалпы чыгымы 5 млн. 333 миң сомду түзгөн.Бул тууралуу Жалал- Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
 
Бул арыздын негизинде Жалал-Абад ОИИБнын уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкелери атайын ыкчам иш-аракетерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 14-июль күнү Жалал-Абад шаарынын тургундары 32 жана 25 жаштагы жарандар кармалышкан.
Учурда шектүүлөргө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 167-берене (тоноо) жана 170–беренелери (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4596



Добавить комментарий