Бабанов: Мен президенттик жарыштан өз кандидатурамды алуу тууралуу сөздөр - жалган

31 июль 2017 12:36 1053 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов  өзүнүн талапкерлигин алууга ниеттенбейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-июлда маалымат жыйынында билдирди.
 
"Азыр мен президенттик жарыштан өз талапкерлигимди алып салуу жана бирөө менен тандем болуп,  же өкмөт башчы кызматына макул болуу тууралуу ушактар журүүдө. Бирок, бул туура эмес. Президенттикке талапкерлигимди көрсөтүү чечимин кабыл алуу мен үчүн гана эмес, ошондой эле партия үчүн да жеңил болгон жок. Бул чечим партия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды жана мен алардын ишенимин актап акырына чейин барам. Ал эми мага каршы каралоо иштерин алып баргадарга өзүлөрүнүн үгүттөө иштерине акча жумшашсын деп айткым келет. Мен эч качан өз элим үчүн жамандык кылган эмесмин", - деп билдирди Бабанов.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4594



Добавить комментарий