Карызын төлөөдөн качкан аял пластикалык операция жасатып өзгөргөн

29 июль 2017 13:42 690 Barometr
Бөлүшүү:
ok
“Кытайда кредит төлөгүсү келбеген аял пластикалык операция жасаткан”,- деп билдирет “Baq.kz” агентиги “vesti.ru” шилтеме берип.
 
Кытайдын тургуну пластикалык операция жасатуу аркылуу өзүнүн кебетесин адам танылгыс кылып өзгөрткөн.  Ал 25 миллион юань (3,7 миллион доллар) өлчөмүндөгү кредитти төөлөөдөн качып, ушундай жолго барган. 
 
59 жаштагы Чжу Нацзюань укук коргоо органдарынан ушундайча жашырынып жүргөн. 
 
Чжу Нацзюань Ухань шаарында Хубэй провинциясынын тургуну. Бирок, ал  Шэньчжэнь шаарына билет алайын деп турган кезде кармалган. Ошол кезде колунда башка бирөөнүн документтери болгон экен. 
 
Полиция аны кармап алгандан кийин гана анын ким экендиги араң аныкталды. Себеби, ал мурункудан да жашарып, келбети өзгөрүп кеткен делет маалыматта. 
 
Акыркы убакта кредит алып,  төлөгүсү келбегендердин саны көбөйүп кеткен. Ушул жылдын алты айында кредит төлөбөй качып жургөндөрдүн 186сы кармалган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4560



Добавить комментарий