Чолпон Султанбекова: Жашы жете электердин укуктарын коргоону күчөтүү керек

29 июль 2017 13:26 375 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 «Мамлекеттик органдардын конфликтик абалдагы жашы жете электердин укуктарын коргоо менен алектенген ишин күчөтүү керек. Көпчүлүк учурда түрдүү тобокелдиктер туш болгон жашы жете элек балдар өздөрүн физикалык, психологиялык жана юридикалык жактан коргой албай калышууда»,- бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бейшембиде, 28-июлда, Өкмөтүнүн алдындагы ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
 
Жыйында балдардын укугун сактоо жана оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, балдарга колдоо көрсөтүүчү борборлордун ишмердүүлүгүн турукташтыруу маселелери  каралды.
 
Бакшы прокуратуранын маалыматы боюнча 2016-жылы 1380 оор абалга туш болгон катталган болсо алардын 1558 ата-энесинин кароосусуз калгандар, 2290 бала мыйзамда конфликтке туш болгондор, 139 зомбулукка туш болуп алардын 48% ийгиликчиз үй-бүлөдөн экени аныкталган.
 
Отурумдун жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү  министрлигинин оор абалга туш болгон балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарган иштери начар экендиги аныкталды.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4559



Добавить комментарий